Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2015-жылдын 11-ноябыры №2-3/82
Муниципиалдык менчик департаментинин Баткен шаарында социалдык обьектилер үчүн калтырылган жерлердин абалы жөнүндө
Баткен шаарынын башкы планы 2007-жылдын 26-февралында Баткен шаардык Кеңешинин III чакырылыштын кезектеги XIII сессиясынын №8 токтому менен Баткен шаарынын башкы планы Кыргыз КНИИП Ош шаарындагы филиалы тарабынан иштелип чыгылып бекитилген. Шаардын башкы планы боюнча социалдык обьектилерге калтырылган жер аянттары:
1. Базар-Башы кварталынын аймагындагы “Токтогул-Оолуя” жаңы конушу
-Башталгыч мектеп -0,62 га
Базар-Башы кварталынын аймагыдагы (казак-маала)
-дом быта–0,24га
-магазин-0,08га
2. Булак-Башы кварталынын аймагындагы социалдык обьектилер:
-ФАП-0,08га (курулган)
3. Кызыл-Дон кварталынын аймагындагы социалдык обьектилер:
-Бакай-Ата уч. Мектеп -1,4 га
-Бакай-Ата уч. Мечит (курулду) -0,12га
-Бакай –Ата уч. Спорт зал -0,30 га
-Бакай –Ата уч. Калыптандыруу борбору (Реабилитационный центр) -0,12га
-Ак-Таш уч. Магазин -0,15 га
-Ак-Таш уч. – ФАП Аптека -0,10 га
-Тамаша-жай уч. –мектеп -0,60 га
4. Кызыл-Жол кварталынын аймагындагы социалдык обьектилер
-Ак-Өрүк уч. Соц. Обьект 1,0 га
-БАМ уч. Гидромедстанция -1,0 га
-БАМ уч. УВД -3,0 га, СИЗО 2,7га
-БАМ уч. П-2: 3,8 га
-Кызыл-Жол кварталынын түндүк батыш участкасы –
магазин, мончо, медпункут, аптека -0,20 га
5. Келечек кварталы боюнча:
-С.Сыдыков көчөсү- балдар бакчасы -0,40 га
-Курманжан-Датка көч. Телевидения -0,25га
-С.Сыдыков көч Академия мектеби -0,40га
-жаштар үйү -0,10 га (курулду)
6. Чет-Булак массиви боюнча
-Чет-Булак уч.-Бат МУ-5,0га
-Чет-Булак уч.–ЖК-0,56 га
-Чет-Булак уч. Библиотека–0,56 га
-Чет-Булак уч. Өсүмдүктөдү коргоо станциясы үчүн 0,10 га
-Чет-Булак уч. СНБ – 0,88 га аталган жер аянттарынын суулуу жерлердеги кээ бирлери курулуш иштери башталганга чейин шаар тургундарына ижаралык ыкма менен эгин эгип пайдалануу жыл үчүн берилип келе жатат. М: Кызыл-Жол жана Кызыл-Дон кварталдарындагы жер аянттары.
Шаар мэриясы социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттарын туура өз багытында пайдалануу максатында ижарачылырга жана бектилип берилген мекеме ишканаларга эскертүүлөрдү берип келет.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын башкы планына ылайык социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттары өз багытында өзгөрүүсүз пайдалануу жагы эскертилсин.
2. Булак-Башы, Кызыл-Дон (Ак-Таш) жана Кызыл-Жол кварталдарында социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттарын 1 айлык мөөнөттө кайра карап чыгып маалымат берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Башкы планга ылайык социалдык обьектилер жана соода түйүндөрү, акы алып кызмат көрсөтүүчү жайларга бирдей типтеги конструкцияларды жасап орнотуу менен ижарачыларга берүү үчүн шаардык кеңештин кезектеги сессиясына сунуш киргизүү жагы шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментине жүктөлсүн.
4. Шаар аймагында социалдык обьектилерге калтырылган жер аянттары өз багытында өзгөртүүсүз пайдалануу жагы шаар мэриясына эскертилсин.
5. Социалдык обьектилер үчүн калтырылган жер аянттарын мамлекеттик актылар үчүн керектүү болгон акча каражаты 2016-жылдын бюджетине киргизилсин.
-2016-жылы мамлекеттик актылар толук түрдө кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат берилсин.
6. Ушул тоткомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Султанов/ тапшырылсын.
Төрага: | Э. Рахматов
|