Редакцияот 25.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландаштыруу Долбоору жөнүндө

2015-жылдын 25-декабры №26-37/1

Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландаштыруу долбоорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVII сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.КНИИП курорттуризмдин директору К.Абдраков, Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландаштыруунун долбоорунун үстүнөн, Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнүн ДПДсин долбоорун талкуунун протоколдорун жана сессияда айтылган сунуштарды, эскертүүлөрдү, алардын ичинде, жүк ташуучу унаалар токтоочу жайын, автовокзал тараптан шаардын өндүрүштүк зонасына которуу жана "Бай-Ордо" базарынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча айтылган сунуштарды эске алуу менен, дагы иш алып барсын жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында бекитүү үчүн, 2016-жылдын мартына чейин берсин.

2."Бай-Ордо" базарынын ээси өз милдеттерин аткарбагандыгына байланыштуу жана токтомдун №1 пунктун аткаруу максатында, Каракол шаардык мэриясынын ММБДси, "Бай-Ордо" базарынын ээси менен түзүлгөн келишимди бузсун.

3.Каракол шаарынын мэриясы өзүнүн, 2008-жылдын 21-октябрындагы №856 "Каракол шаарынын мэриясынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги. №170 "Дүң базарын, авто- базарын ачуу жана абаттоо үчүн жер тилкесин Т.Жунушовага убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү" токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү" токтомун жокко чыгарсын.

4.Каракол шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландаштыруу долбооруна өзгөртүүлөр киргизилгендиги, унаа токтотуучу жайды жылдырылышына байланыштуу, Каракол шаардык мэриясына тиешелүү иштерди алып баруу тапшырылсын.

5.Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты, бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

6.Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

7.Токтом ММКларда жарыялансын.

8.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Абдыкадыров