Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры №26-37/4
2015-2016-жж. жылытуу мезгилинин жүрүшү жөнүндө
“Жылуулук” КИсинин директору Э.К.Ногойбаевдин жана “Жылуулук камсыздоо” КИсинин директору А.Ж.Орозалиевдин “2015-2016-жж. жылытуу мезгилине даярдык көрүү” жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жылуулук” КИсинин директору Э.К.Ногойбаевдин жана “Жылуулук камсыздоо” КИсинин директору А.Ж.Орозалиевдин “2015-2016-жж. жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана аны өткөрүү жөнүндөгү" маалыматтары эске алынсын.
2. Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовдун, “Жылуулук” КИсинин директору Э.К.Ногойбаевдин жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө, жоопкерсиздик мамиле кылгандыгы белгиленсин.
3. Каракол шаарынын мэри, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго тиешелүү чара көрсүн.
4. “Жылуулук” КИсинин директору Э.К.Ногойбаев жана “Жылуулук камсыздоо” КИсинин директору А.Ж.Орозалиев төмөнкүлөргө милдеттендирилишсин:
- көмүрдүн күнүмдүк киреше-чыгашасы боюнча журналдарды жүргүзүүгө;
- температуралык режимдин сакталышын камсыз кылууга жана ал боюнча маалыматтарды, Каракол шаарынын мэриясына күн сайын берүүгө;
5. “Жылуулук” КИсинин директору Э.К.Ногойбаев, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жумушчу комиссияларынын актыларында белгиленген, жылытуу мезгилинин жүрүшүндөгү кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрсүн.
6. Каракол шаарынын мэриясы, “Жылуулук” КИси менен бирдикте, "Кыргызжилкоммунсоюзга" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, бир генератор орнотуу менен, ТЭЦтин ишин жандандыруу боюнча сунуш киргизишсин.
7. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
8. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
9. Токтом ММКларда жарыялансын.
10. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Абдыкадыров |