Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры №26-37/5
ВОЛС аркылуу байланыш чубалгысын өткөрүү үчүн, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2015-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 2015-жылдын 18-ноябрындагы кир.№01-7/456 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Ч.Ш.Акматов), Каракол шаарынын мэриясына, жогорку ылдамдыктагы интернетти кошуу үчүн, ВОЛС аркылуу байланыш чубалгысын өткөрүүгө, 55 444 (элүү беш миң төрт жүз кырк төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын 1-январынын башындагы эркин калдыктын эсебинен бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (К.И.Алымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Абдыкадыров |