Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2015-жылдын 25-декабры №26-37/6
Каракол шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин, спорт залынын (кирпич завод району) ремонтуна, мурда бөлүнгөн акча каражаттын үнөмдөлгөнүнөн, спорт залга электр жылытуусун коюу үчүн, акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин директору Т.Ш.Абдырахмановдун 2015-жылдын 18-ноябрындагы кир.№01-7/457 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Ч.Ш.Акматов), Каракол шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин, спорт залынын (кирпич завод району) ремонтуна, мурда бөлүнгөн акча каражаттын үнөмдөлгөнүнөн, спорт залга электр жылытуусун коюу үчүн, 499 234 (төрт жүз токсон тогуз миң эки жүз отуз төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик реестерге ченемдик укуктук актыларына киргизүү үчүн областтык башкаруу юстициясына жиберилсин.
4. Токтом ММКларга жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (К.И.Алымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров |