Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 26-37/7
Уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун тизмесине П-1 зонасы боюнча толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын тургуну Ж.А.Камбарбековдун 2015-жылдын 5-октябрындагы кир.№01-9/153 жер тилкесин бир зонадан экинчи зонага которуу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, биринчи вице-мэри К.З.Карасартовдун 25.06.2015-жылдын кир.№01-7/301 жана Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2015-жылдын 20-октябрындагы чыг.№06-06/635 катындагы сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. П-1 зонасындагы (өндүрүштүк ишканалар зонасы) уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун тизмесине, аянты 7000,0кв м болгон (төмөнкү даректе жайгашкан: Каракол шаары, Алыкулов атн.көчө (Ленин жана Шопоков атн.көчөлөрүнүн кесилишинде)) жер тилкесинин бөлүгүн Ж-2Б (менчик үй куруу үчүн) өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы:
-көрсөтүлгөн толуктоону, Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесине киргизсин;
- ушул токтомдо белгиленген объектини максаттуу пайдаланышын кыйшаюуусузаткарылышына көзөмөлдүкамсыз кылсын.
3. Ж.А.Камбарбеков, Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесин КЧжЭсинеылайык сактасын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык,Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдикукуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстициябашкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров |