Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-декабры №26-37/8
Куренкеев атн. көчөсүнүн №85 дарегиндеги жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Каракол шаарынын тургуну К.К.Кенченбаеванын 2015-жылдын 28-сентябрындагы кир.№01-9/147 жер тилкесин бир зонадан экинчи зонага которуу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жер тилкесинин изилдөө актысын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К-1 зонасындагы (коммуналдык жана транспорттук ишканалар, капиталдык гараждар жана унаа токтотуучу жайлар зонасы), уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун тизмесине, Каракол шаарынын, Куренкеев атн.көчөсү, №85 дарегинде жайгашкан, аянты 1000,0кв м жана 3,87 га болгон жер тилкесинин бөлүгүнүн максаттык багытын өзгөртүлүп, Ж-1 (менчик үйлөрдү куруу зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы:
-көрсөтүлгөн толуктоону, Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесине киргизсин;
-көрсөтүлгөн кварталда курулуш жүргүзүүнүн генералдык планын, азыркы курулуштарды эске алуу менен, шаар куруу ченемдерине жана талаптарына ылайык иштеп чыксын.
-ушул токтомдо белгиленген объектини максаттуу пайдаланышын кыйшаюуусуз аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
3. К.К.Кенченбаева, Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесин КЧжЭсине ылайык сактасын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров |