Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-декабры №26-37/9
Алиман Жангорозова атн.жаңы конуштагы көчөлөрдү атоо жөнүндө
Түп районунун Михайловка айылынын тургуну А.Дюшекеевдин 2015-жылдын 4-декабрындагы кир.№01-9/174, Каракол шаарынын тургуну Ж.Исраилованын 2015-жылдын 25-ноябрдагы кир.№01-9/169 каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алиман Жангорозова атн.жаңы конуштун көчөлөрүнө төмөнкү аттар берилсин:
-Орузбай Абдулхакимов атн.көчө;
-Бүбүйна Орузбаева атн.көчө;
2. Каракол шаарынын мэриясы, 2016-жылдын 30-январына чейин, үйлөргө көчөлөрдүн аттары жана үйлөрдүн катар номерлери жазылган табличкаларды даярдап, таксын.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Абдыкадыров |