Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры №26-37/11
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин айрым туруктуу комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы А.М.Абдыкадыровдун маалыматын угуп, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Регламентинин V бөлүмүнүн, 26,27 беренелеринин негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. У.С.Турсунбаев, Э.А.Айсаракунов, Ф.Р.Махмутов ыйгарым укуктарымөөнөтүнөн мурда токтогодукка байланыштуу, алардын ордуна Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына төмөндөгү депутаттар кирсин:
- унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына депутат У.Д.Ишембаев;
- унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына депутат Э.М.Идирисов;
- билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына депутат С.С.Өскөнбаев;
- мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына депутат М.Ш.Шадыбеков;
2. Депутат Р.А.Баратова Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Депутат А.Т.Беирманов Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты, бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Усупбаев) жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров |