Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры №26-37/12
Жаңы мал базарын ачуу жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 2015-жылдын 11-декабрындагы чыг. №1/16-2931 мал базарды Каракол шаарынын четине, мурдагы "Буудай Каракол" ишканасынын территориясына чыгаруу жөнүндөгү сунушун, Каракол шаарынын тургуну А.З.Садыкованын 2015-жылдын 28-сентябрындагы кир.№01-/148 "Заманбап талаптарга ылайыктуу жаңы мал базарын ачуу жөнүндөгү" жана катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча, унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасынын, Ысык-Көл областы боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Каракол шаарынын мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн корутундуларынын негизинде, 2016-жылдын 2-февралынан тартып, талаптарга жооп бербегендикке байланыштуу, азыркы мал базар жабылсын.
2. 2016-жылдын 7-февралынан тартып, жаңы мал базары, Каракол шаары, Госмельница №1 дарегинде жайгашкан, мурдагы "Буудай Каракол" ишканасынын территориясында ачылсын.
3. Каракол шаардык мэриясы:
- ММКлар аркылуу, областтын калкына кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- КМЖА менен бирдикте, жекшемби күндөрү, микроавтобустук маршруттардын жүрүү схемаларын, жаңы мал базарына чейин узартсын;
жаңы мал базарынын аймагына азыркы чөп базарын көчүрсүн;
- Каракол шаарынын ШИИБси, Каракол шаардык мэриясынын ММБДси, Каракол шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасы, Ысык-Көл областы боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Каракол шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен бирдикте, мал жана чөп сатуучуларды 2016-жылдын 7,14,21-февралдарында жаңы мал базарына жөнөтүү үчүн кызматкерлердин дежурствосун камсыз кылсын;
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо (К.Алымбаев), унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча (О.Б.Абдрахманов), жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча (Т.М.Өмүров), мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыштар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча (К.Т.Усупбаев) туруктуу комиссияларына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров
|