Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
токтом
2015-жылдын 25-декабры №26-37/13
«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын шаардыктарга ыйгаруу жөнүндөгү сунушталган материалдарды талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, талапкерлердин Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдарын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы, Каракол шаарынын социалдык
экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон Иманкожоева Шайы Рахматовнага берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши
менен Каракол шаарынын мэриясынын “Каракол шаарынын Ардактуу атуулу” наамы Иманкожоева Шайы Рахматовнага берилгендиги жөнүндөгү биргелешкен токтому кабыл алынсын.
3. Иманкожоева Шайы Рахматовнага «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» жазуусу бар күбөлүк, төш белги, тасма жана 10 минималдык айлык акы өлчөмүндөгү бир жолку сыйлык берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар
Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы (К.Т.Усупбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абдыкадыров |