Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-апрели №31-6
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагындагы Айбек айылынын тургуну Матисаев Абдрасулга кайра бөлүштүрүү фондунан Айбек орто мектебине үлүш жер үчүн адыратылып берилген жер аянтынан тамарка ажыратып берүү жөнүндөгү төмөндөгү айылдык округунун токтомун бекитип берүү жөнүндө
Айбек айылынын тургуну Матисаев Абдрасулдун арызын эске алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 6, 12,13 ,27 - беренелеринин негизинде кабыл алынган 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 98 токтомун карап чыгып жана талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун 2012-жылдын 16-апрелиндеги №98 токтому бекитилсин.
2. Матисаев Абдрасулга тамарка курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү үчүн Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук шаар куруу, архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун жер адиси Р.Арыковго жүктөлсүн.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |