Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеңеш XXVI чакырылган XXII сессиясы
2015-жылдын 26-ноябры № 4
Калкка, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана мечитке таш көмүр жана материалдык жардамдын көлөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына бир тоннадан таш көмүр жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилсин. Мечитке бир тонна таш көмүр жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилсин.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө материалдык жардамдын өлчөмү 3000-10000сом аралыгында бекитилип берилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрʏлсʏн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтʏлсʏн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жʏктөлсʏн.
Төрага: | Окенаев Т.М. |