Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу №32-1
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагындагы 2012-жылдын 12-14- майында болгон селден жапа тарткан чарбалардын жана айыл тургундарынын тамаркаларынын жерге төлөнүүчү салыктан жана соц. казынадан төлөнүүчү төлөмдөрдөн бошотуу жөнүндө
2012-жыддын 12-14-майында болгон селден жапа тарткан дыйкан чарбалардын жана айыл тургундарынын тамаркаларынын жерге төлөнүүчү салыктан жана соц. казынага төлөнүүчү төлөмдөрдөн бошотуу жөнүндөгү маселени карап жана талкулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 12-14-майында болгон каттуу жааган жамгырдан пайда болгон селден Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагындагы жапа тарткан дыйкан, фермер чарбалардын 9,77 га, айыл тургундарынын тамаркаларынын 1,90га, жалпысы болуп 11,67 га жерге төлөнүүчү жер салыгынан жана соц казынага төлөнүүчү төлөмдөрдөн бошотуп берүү жагы депуттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун башчысынын орун басары Ү. Мурзакуловго, жер адиси Ж. Абдуваповго милдеттендирилсин.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |