Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 3
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аппаратынын типтүү түзүмүн жана штат бирдигин бекитүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтуу ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун карап чыгып, Ак-Сай айылдык кеңешинин III чакырылышынын ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна таянып бекитилсин. (штаттык бирдик тиркелет)
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын негизинде кызматкерлерди конкурстук негизде кызматка алуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы К. Халматовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Халматов |