Загрузка документа…
АК-САЙ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2015-жылдын 20-февралы №17
Үч-Дөбө айылындагы жер аянттарын которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын тургундарынын коомдук муктаждыктарды чечүү үчүн мектеп куруу максатында, Ак-Сай айылдык кеңешинин III-чакырылышынын кезектеги XXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын аймагына типтүү мектеп куруу үчүн мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун көп жылдык бактардын эсебиндеги 2.0 (Эки )га жер аянты «айьл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерин бекитип берүү жагы Баткен ; райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Акылбековго тапшырылсын.
Төрага: | К. Халматов
|