Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 170/21-3
Парковая-Дунларов көчөлөрүнүн кесилиш аймагындагы турак жай конушунун чек аралары кеңейип жаткандыгына байланыштуу жана курулуп жаткан коттедждик турак үйлөрдү шаардык инфраструктуранын борбордук тармактарына кошуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, ошондой эле Токмок ш. мэриясынын 17.06.2015-ж. кириш № 192/02-17 «Токмок-Социум» ТЖККнын аймагын канализация, темирбетон тирөөчтөрүн орнотуу менен электр тармактарын тартууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Токмок ш. жергиликтүү бюджетинде шаардык Стелланы оңдоо үчүн каралган 1,5 млн. сомду жана кинотеатрды оңдоо үчүн каралган 0,5 млн. сомду жылдыруунун эсебинен, суммасы 2,0 млн. (эки миллион) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токмок ш. финансы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.), ушул токтомдун 1п. көрсөтүлгөн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |