Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 171/21-3
Токмок ш. жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жолдорду оңдоого каражат бөлүп берүү жөнүндөгү 12.05.2015-ж. кир. № 145/02-01 катын карап чыгып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. жергиликтүү бюджетинде шаардын башкы планын иштеп чыгууга каралган 7,0 млн. сомдун 3423,0 миң. (үч миллион төрт жүз жыйырма үч миң) сомун жылдыруунун эсебинен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок ш. финансы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.), ушул токтомдун 1п. көрсөтүлгөн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |