Редакцияот 12.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Капчыгай айылдык кеңешинин XI сессиясынын (V шайланган) жыйналышы

 

2015–жылдын 12-февралы № 12/1

Капчыгай айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджети жѳнγндѳ

«Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрация жѳнγндѳгγ »Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна Капчыгай айылдык кеңешинин 1-бѳлγгγнγн 2-пунктуна ылайык Капчыгай айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджети жѳнγндѳ Капчыгай айыл ѳкмѳтγнγн финансы-бѳлγмγнγн башчысы К. Кадырованын, Капчыгай айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Капчыгай айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин кирешелери менен чыгашалары 2014-жылга аткарылышы 5434,4 миң сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

2. 2015-жылга Капчыгай айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  5364,1сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

3. 2015-жылга райондук бюджеттин кирешелерин тγзγγчγ булактары жана чыгашалар боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№ 4 тиркеме тиркелет). Айыл ѳкмѳтγнγн чыгаша бѳлγгγ 2014-жылга тγшкѳн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ ашчысы К. Кадыровага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Капчыгай айылдык ѳкмѳттγк кеңешинин социалдык, маданий, билим берγγ,спорт миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык ѳнγгγγнγн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет курулуш, транспорт. Ѳнѳржай соода, ишкердγγлγк, байланыш, инвестиция, энергетика, кайра иштетγγ боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳттγн аппаратына тапшырылсын.

 

Капчыгай айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Азимбаев