Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу №32-5
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагында инвестицияны тартууну колдоо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун инфраструктурасынын көтөрүү жана айылдык округунун аймагында инвестицияны тартууну күчөтүү максатындагы маселени карап жана талкуулап депутаттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округундагы Өсөр айылынын таза суу боюнча суу түтүктөрүн оңдоо жөнүндө Кыргыз Республикасын түрткү берүүчү грантка жазаган долбоорунун 10 % дык төлөмдөрү 100 000 (жүз миң) сом жергиликтүү бюджетин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатты менен камсыз кылуу айылдык округунун ФЭБ башчысы Ж.Нурматовго тапшырьшсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдк кеңешитин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |