Загрузка документа…
КАЙЫӉДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-январы № 103/XXIX-1
Панфилов аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын 2011 жылындагы кулжа айынын 30 да № 62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн шайлоо комиссиялары тууралуу” мыйзамынын 19 беренесинин 1 бөлүмүнүн, ошондой эле “Шайлоо комиссиясын түзүү жана таратуу ирээти жөнүндө” 2011–жылдын теке айынын 8 деги Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү үчүн түзүлгөн № 7 Борбордук комиссиянын токтому менен бекитилген жобонун негизинде, ошондой эле Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана протоколдорду карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясын резервине төмөнкү талапкерлерди сунуштоо: шайлоочулардын чогулушунан Айязбеков Бахтияр Айязбековичти, Акматбеков Сайфидин Маматовичти.
2. Кайыңды шаардык кеңешине сессиянын токтомун,чогулуштун протоколдорун жана көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү иштери жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кенешинин жооптуу катчысы Сыдыгалиева А.К. га жүктөлсүн.
Төрага: | Абдрасулов У.Б. |