Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июлу №32-6
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь айында боло турган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого көп мандатуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктунун "Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1,2,4-пунктарынын жана Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн айылдык округдун аймагындагы калктын саны боюнча 2012-жылдын 1-январына карата маалыматынын негизинде айылдык кеңештин көп мандатуу шайлоо округдарын түзүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин депутаттарынын 2012-жылдын октябрь айында боло турган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого көп мандатуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунушу тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунушу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун жооптуу катчысы Ү.Бекиевге тапшырылсын.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |