Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № XXVII-1
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Южно-Кыргызский Цемент» жабык акционердик коомуна Кулуштун бөлүмүнөн скважина казып алуу, жол салуу үчүн жер аянттарын лицензия мөөнөтүнүн алкагында убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Южно-Кыргызский-Цемент» жабык акцинердик коомунун 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 1006.15 каттын негизинде Т. Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы А. Ажибаев сүйлөп Кулуштан бөлүмүнөн скважина казып алуу, жол салуу жана электр чубалгыларын тартуу үчүн «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-беренесинин, 1- пунктун жана 39-беренесинин 1-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Т. Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында, Кулуштан бөлүмүндө жайгашкан скважина казып алуу 0,0242 га, жол салуу жана электр чубалгыларын тартуу үчүн 0,324 га жер аянттарын «Южно-Кыргызский-Цемент» жабык акционердик коомуна лицензия мөөнөтүнүн алкагында (2019-жылдын 29-октябрына чейин) убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында, Кулуштан бөлүмүндө жайгашкан скважина казып алуу 0,0242, жол салуу жана электр чубалгыларын тартуу үчүн 0,324 га жер аянттарын «Южно-Кыргызский-Цемент» жабык акционердик коомуна лицензия мөөнөтүнүн алкагында (2019-жылдын 29-октябрына чейин убактылуу пайдаланууга берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларды тактап тийешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап жерге болгон укугун тактап туруу жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Ажибаев |