Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № XXVII-2
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Каримберди участкасындагы К.Б.Фнын жериндеги кургап калган бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын төрагасы М. Разаковдун билдирүүсүндө Ак-Чал айылынын тургуну Сулайманов Каримдин арызын канааттандыруу максатында Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал жана Арык-Тейит айылынын тургундарынын (эски Ак-Чал жана Арык-Тейит айыл чарба кооперативинин) көп жылдык бак үлүшүнө тиешелүү болгон жер аянттарындагы 50 (элүү) түп кургап калган өрүктөрдү кыюу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Т. Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Каримберди участкасындагы К.Б.Фнын жериндеги көп жылдык бак Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансасында катталбагандыгы тууралуу арыз ээсине маалымат берилсин.
2. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал жана Арык-Тейит айылынын тургундарынын (эски Ак-Чал жана Арык-Тейит айыл чарба кооперативинин) көп жылдык бак үлүшүнө тиешелүү болгон жер аянттарындагы 50 (элүү) түп кургап калган өрүктөрдү кыюуга Ак-Чал жана Арык-Тейит айылынын жамааттарынан чогулушунун протоколун алып келгенден кийин уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агентигинин Ош аймактык башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Ажибаев |