Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № XXVII-3
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Д. Көчкөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Т. Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө улуттук коопсуздук жана райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги менен биргеликте айылдык аймактын 9-10-11-класстарынын окуучуларына жана алардын ата-энелерине азыркы күндөгү диний жана саясий кырдаал, Сирия жана башка дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан террористик-экстремисттик диний кыймылдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Даваат иштерин тартипке салуу максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан жобонун негизинде давааттарди айыл өкмөтүндө диний мекемелер-мечиттердин, намазканалардын имам хатибтери түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Сырттан келген дааватчиларга даават өткөргөнгө уруксат берилбесин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык төрагасы | А.Ажибаев |