Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-августу №33-2
Т.Зулпуев атындагы айылдык округуна караштуу "Кашкалдак" орто мектебинин спорт актовой залынын чатырын жана мектептин полун оңдоо, айланысын тосуу жөнүндө үлүштүк гранттан алынуучу акча каражатты жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык округуна караштуу "Кашкалдак" орто мектебинин спорт актовой залынын чатырын жана мектептин полун ондоо, айланысын тосуу жөнүндө үлүштүк гранттан алынуучу акча каражатты жөнүндө маселени карап жана талкуулап,Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округуна караштуу "Кашкалдак" орто мектебинин спорт актовой залынын чатырын жана мектептин полун ондоо, айланысын тосуу үчүн үлүштүк гранттан ажыратылып берилүүчү 2848,540 (эки миллион сегиз жүз кырк сегиз миң беш жүз кырк) сом акча каражтты өз максатында пайдаланылсын.
2. Т.Зулпуев атындагы айылдык округуна караштуу "Кашкалдак" орто мектебинин спорт актовой залынын чатырын жана мектептин полун ондоо, айланысын тосуу үчүн Т.Зулпуев атындагы айылдык округунан 184,854 (бир жүз сексен төрт мин сегиз жүз элүү төрт) сом акча каражатты өздүк салым үчүн ажыратып берүү жагы каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максатуу пайдалануу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун башчысына тапшырылсын.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |