Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т. Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-2
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылынын Куммайдан бөлүмүндөгү эски минералдык жер семиркичтер кампасынын айланасындагы 0,28 га жер аянтын мөөнөтсүн пайдаланууга алып, инвестиция тартуу жолу менен сок чыгаруу жана сүт иштетүү ишканасын куруу жөнүндө
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровдун Кызыл-Булак айылынын Куммайдан бөлүмүндөгү эски минералдык жер семиркичтер кампасынын айланасындагы жер аянтын мөөнөтсүн пайдаланууга алып, инвестиция тартуу жолу менен сок чыгаруу жана сүт иштетүү ишканасын куруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-27-32 беренелерине таянып, депутаттардын айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылынын Куммайдан бөлүмүндөгү эски минералдык жер семиркичтер кампасынын айланасындагы 0,28 га жер аянтын мөөнөтсүн пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Атайын аталган жогорудагы иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыганан суралсын.
3. Юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укугун каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер аянтарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов атындагы айылдык кеңештин төрагасы: | А. Ажибаев |