Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры №1
Долоно айыл аймагындагы жайыт комитетинин тѳрагасы Э. Рыскуловдун 2015-жылдын ичиндеги жайыт тѳлѳмдѳрγнγн аткарылышы жана чогулган жайыт пайдалануу боюнча акча каражаттарынын жумшалышы жѳнγндѳгγ билдирγγсγн угуп, карап талкуулап чыгып, Долон айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2015-жылда жайыт пайдалануучулар менен иштеген иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин тѳрагасы жайыт комитетинин мγчѳлѳрγ менен бирдикте жайыттарга жайгаштыруу жана жайыт тѳлѳмдѳрγ боюнча акча каражаттарды жумшоо жагын биргеликте карашсын.
3. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жγргγзγγ жагы Долоно айыл ѳкмѳтγнγн башчысына жγктѳлсγн.
Төрага | С. Аманбеков |