Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-августу №33-3
Ош шаарынын 23-январындагы № 12-08-13 номериндеги кайрылуу катын депутаттардын кезексиз сессиясында талкулоо жана ага маанилүү баа берүү жөнүндө
Депутаттардын айылдык кеңешинин кезексиз чакырылышынын сессиясынын үчүнчү маселеси болуп, Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун жер адиси ЖАбдувапов Ош шаарынан келген кайрылуу кат менен тааныштырып чыгып, Алмалык айылынын тургундарынын граждандык укуктары жөнүндө маселени талкуула берүүнү суранды. Жогорудагы маселе боюнча депутаттардын айылдык кеңешинин төрагасы Э.Султанов төмөндөгүлөргө токтолду. Алмалык айылы Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун аймагына кирет. Мурда Советтер Союзу болуп турган убакта 1970-1991-жылдары Алмалык кенчи союздук мааниде болуп, Алмалык айылына жакын арылкта жайланышып, Алмалык айылында жашаган айылдын тургундары Алмалык кенине ишке кириш үчүн Ош шаарына барып катоодон өткөн. Ошол убакта Алмалык кени Ош шаарында чоң союздук маанидеги мекеме ишканасы болуп турган. Кыргыз Республикасы өз алдынча Эгемендүүлүк болгондон кийин дагы Алмалык айылынын 97 үй-бүлөөсү Ош шаарында каттоодо турат. Азырда каттоодо болуп, ар кандай маселени Ош шаарында чечишет. Ошол жакта иштешет. Шайлоо мезгилде да шаардан өтүшөт. Ошондуктан Ош шаарында каттоодо тургундыктан социалдык маданий саясий иштерди Алмалык айылынын тургундарынын маселесин Ош шаары чечет деп айтамын.
Андан кийин сөзгө айылдык кеңешинин депутатты Мурзаматов Уметали жогорудагы кайрылуу катты талкуулоодо төмөндөгүлөргө токтолду. 2009-2010- жылдары Алмалык айылын Ош шаарында катоодо турган калк элдери баары биригип, Ош шаарынын депутаттарына кайрылышып, кат жиберишкенде, биз айылдык округунун жер адиси Ж.Абдувапов, айыл башчы А.Кимсанов, Ноокат мам.каттоо башкармасынын башчысы Тажибаев болуп, Ош шаардык кеңешинде ушул маселеде катышып, Алмалык айылынын тургундары менен сүйлөшүү жөргүзгөндө Т.Зулпуев атындагы айылдык округуна каттоодон өтүштөн баш тартышкан. Азыркы күндө да айыл башчы, жер адиси барып сүйлөшкөндө айыл округка барып, каттоодон өткөнгө макулдук беришпеген. Андан кийин депутат Капаров Шарипсөзгө чыгып, ушул убакка чейин Алмалык айылынын шаарда катталган тургундары , айыл округуна же айыл округуна кат менен кайрылбаганын билгизем. Жогорудагы Ош шаарынан келген катты депутаттар талкуулап келип, Алмалык айылынан Ош шаарында каттоодо турган адамдары жашаган жерин да каттоодогу жерди, Ош шаарына өткөзүп бере албастыгын бир добуштан айтып төмөндөгүдөй
TOKTOM КЫЛАТ:
1. Депуттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши Алмалык айылынын тургундарынын граждандык укуктары жөнүндө Ош шаардык Мэринин кайрылуу катын депутаттардын арасында талкуулап чыгып, Ал малык айылынын тургундары Ош шаарында катоодо турса, Алмалык айылында жашап жаткан жерине каттоого өткүлө десек макулдукту өздөрү бербесе, Алмалык айылынын тургундарынын укуктарын жарандар катталган жеринде чечилишин сунуштайбыз.
2. Ушул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө жаггы айыл округунун юриста А.Паязовго милдеттендирилсин.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |