Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июну № 18/2
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 09-3-6/4848 Кѳрсѳтмѳсγн бекитγγ жѳнγндѳ
Жаңы-Жол айыл айылдык кеңешини Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 09-3-6/4848 Кѳрсѳтмѳсγ боюнча корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу жайыт жерлеринин чек арасы алиге чейин талаш болуп такталбагандыктан жана жайыттын аянты мал башына туура келбегендиктен,жайыт жерлерин пайдалангандыгы γчγн жер салыгынын базалык ставкасы ѳзгѳртγγсγз калтырылсын.
2. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл ѳкмѳтγнѳн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизγγ жагы жооптуу катчы Адылбековко жγктѳлсγн.
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Жаңы-Жол айылдык кеӊештин төрагасы: | Э. Байышов |