Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-июну № 14/10
Көк-Жар айылынын тургундарынын үй тиричилик калдыктарын төгө турган жерин аныктоо жөнүндө
Көк-Жар айылынын тургундарынын үй тиричилик калдыктарын жана таштандыларды төгө турган жери жок болгондугуна байланыштуу таштанды төгө турган жерди белгилеп аныктоо жөнүндө Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылынын тургундарынын таштандыларын таштоо үчүн айылда ылайыктуу жер жок болгондугуна байланыштуу 1936-жылы Көк-Жар айылы түптөлгөндөн берки таштанды тогүлүп жаткан Арал Кочкор авто жолун (жээги) түндүк тарабынан 2016-2017-жылдары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу бүткөнгө чейин үй-тиричилик калдыктарын төгүп туруучу жай болуп белгиленсин.
2. 2016-2017-жылдары Түндүк-Түштүк альтернативдик жол бүткөнгө чейин тосууга мүмкүн болгондуктан Түндүк-Түштүк жолу бүткөндөн кийин тосуп бак дарак тигүүгө же жеке ишкерлерге элге кызмат көрсөтүүчү кичи ишканаларды ачууга уруксаат берилсин.
Төрага | А. Кадыракунов |