Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 1
Масы айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылынын ички жолдорун оңдоо долбоору жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын ички жолдорун ремонттоо долборуна Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин долбоорунан 677398 (алты жүз жетимиш жети миң үч жүз токсон сегиз) сом акча каражаты ишке ашырууга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. .Жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Саитовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрөгасы: | С. Арзиев |