Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-марты № 7
«Масы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун жерлеринин келечек планын бекитүү»
К.Р. Жогорку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун негизинде Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н. Назаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонддун жерлеринин келечек планын тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Абжапаровго тапшырылсын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы: | С. Арзиев |