Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-августу №33-4
Ош областык мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 12-майындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын тармактарын жана калкты 2012-2013-жылдагы күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча» № 257 токтомун ишке ашыруу жөнүндөгү № 29-токтому тууралуу
Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун мекеме-ишканаларынын 2012-2013-жылдардын күз-кыш мезгилине электр энергиясын пайдалануу лимита 395,0 квт / саат бекитилип калган.
Бирок бул лимит жетишпегендиктен айылдык округунун маселесин карап чыгып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
TOKTOM КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айылдык округунун 2012-2013-жылдардардын күз-кыш мезгилине электр энергиясын пайдалануу лимита 669,9 квт / саат бекитилсин.
2. Каралган электр энергиясын пайдалануу, лимитин максаттуу пайдалануу жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин төрагасы |
Э. Султанов |