Загрузка документа…
ѲЗГѲН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-декабры № 22/4
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бѳлγмγнγн 2015-жылдын 26-октябрындагы Ѳзгѳн шаарында ѳткѳрγлгѳн аудиттин жыйынтыгын кароо жѳнγндѳгγ № 01-08/1129 каты
Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын отуруму кγн тартибине киргизилген маселе боюнча Ѳзгѳн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 18-декабрында ѳткѳн отурумунун № 9 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бѳлγмγнγн 2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил γчγн Ѳзгѳн шаарында ѳткѳрγлгѳн аудитинин жыйынтыгы жѳнγндѳгγ отчету эске алынсын.
2. Отчетто кѳрсѳтγлгѳн кемчилдиктерди жоюу шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине, анын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ѳзгѳн шаардык каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахуновко милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы «Кыргыз Республикасынын салык кодексине кошумча жана ѳзгѳртγγлѳр киргизγγ жѳнγндѳ» №25 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 23-июлундагы №413 токтомун аткарууга алуу Ѳзгѳн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |
ПРОТОКОЛУ
Катышканы-6 депутат
Катышышты: Ѳзгѳн шаардык Кеңешинин тѳрагасы – А. Насиров
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасынын орун басары - А. Юлдашев
Мγчѳлѳрγ: депутаттар А. Хасанов, Ш. Турдиев, А. Ибрагимов, М. Халматов
Ѳзгѳн шаарынын 1-вице-мэри М. Тайлаков, шаардык каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов.
КYН ТАРТИБИ:
1. Ѳзгѳн шаардык аскер комиссиариатынын 2015-жылдын 7-декабрындагы 2016-жылдын бюджетинен кошумча 2 штат киргизγγ боюнча №931 каты
2. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын 2015-жылдын 26-октябрындагы Ѳзгѳн шаарында ѳткѳрγлгѳн аудиттин жыйынтыгын кароо жѳнγндѳгγ №01-08/1129 каты.
3. Ѳзгѳн шаар мэриясынын 2015-жылдын 9-декабрындагы мектеп ашканаларын ремонттоо γчγн каражат бѳлγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳгγ №782 каты.
4. Кварталдык комитеттердин тѳрагаларынын эмгек акыны кѳтѳрγγ боюнча кайрылуу каты
5. Туруктуу комиссиянын 2016-жылга карата иш-планын бекитγγ
Комиссиянын отурумун «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасынын орун басары А. Юлдашев ачып, бγгγнкγ отурумдун кγн тартибине киргизилген 5 маселе боюнча маалымат берди. Кγн тартибиндеги маселелер боюнча комиссия мγчѳлѳрγ тарабынан кошумча-алымчалар барбы. Жок.
Анда кγн тартибине киргизилген 1-маселе Ѳзгѳн шаардык аскер комиссиариатынын 2015-жылдын 7-декабрындагы 2016-жылдын бюджетинен кошумча 2 штат киргизγγ боюнча №931 катын кароодон баштасак.
Бул маселе боюнча шаардын 1-вице-мэри М. Тайлаков тγшγндγрмѳ берсин.
Шаардын 1-вице-мэри М. Тайлаков: Ѳзгѳн шаар мэриясында мурун 2 штат ВУС болгон, бирок аудиттик текшерγγнγн жыйынтыгы менен кыскартылган. Мыйзамга ылайык келсе, аскер учетун так жγргγзγγ γчγн штат беришибиз керек.
Депутат Ш. Турдиев: алар аскерге чакыруу мезгилинде гана иштешеби?
Жооп: алар штатка кирип жыл бою иштешет.
Депутат А. Насиров: аудит текшергенде эмнеге мыйзамсыз деп тапканын тактасаңар. Мыйзамга ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына берилгенде, каржы маселеси да кошо чечилиши керек. 2016-жылдын бюджетинин долбоору каралгыча бул маселелерди тактасаңыздар.
Каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов: аскер комиссариаты шаарда жайгашкандыктан, шаар компактный болгондуктан аудиттик текшерγγнγн жыйынтыгы менен кыскартып койулган.
Депутат М. Халматов: мектептерде военрук штаты барбы, ошолорду сезондо иштетсе болбойбу?
Жооп: мектептерде военрук штаты жок, бирок аскерге чакыруу мезгилдеринде комиссариатка мектептерден 2 киши жардам берет.
Депутат А. Юлдашев: менин сунушум 1-вице-мэр М. Тайлаков, каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов бул маселе боюнча изилденип, сунушуңуздарды айтсаңыздар, кийинки заседаниеде карайбыз.
Анда кγн тартибине киргизилген 2-маселе Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын 2015-жылдын 26-октябрындагы Ѳзгѳн шаарында ѳткѳрγлгѳн аудиттин жыйынтыгын кеңештин сессиясында кароо жѳнγндѳгγ №01-08/1129 катын карасак.
Депутат А. Юлдашев: 693,3 миң сом кандай сумма, чечмелеп берсеңиздер. Эмнеге бул сумма 2013-жылдын жыйынтыгы менен табылган болсо, 2014-жылда ѳндγрγлгѳн эмес. 5,0 миң сом кандай сумма, эмне мыйзамсыз эсептен чыгарылган.
МММБ департаментинин башкы эсепчиси К. Джумабаева: 693,3 миң сом максатсыз деп жазылган. 5,0 миң сом адашып жазылып калган, аудиттик текшерγγнγн жыйынтыгында кѳрсѳтγлгѳн башка кемчилдиктер жоюулду.
Каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов: аудиттин жыйынтыгы менен кѳрсѳтγлгѳн башка кемчилдиктер жолго коюулду. 693,3 миң сом максатсыз пайдаланылган эмес, 2013-жылдагы дебитордук карыз кѳрсѳтγлγп калган. Бул сумманы бюджеттин киреше жана чыгаша бѳлγгγнγн планынан кыскартып койсок, бул акча эркин калдык болуп кала берет. Сиздер макулдук берсеңиздер биз уведомление менен бюджеттен кыскартып койобуз.
Депутат А. Юлдашев: туура эмес болсо, Сиздер эмнеге актка кол койдуңар, ошол маалда оңдоп койсо болбойт беле.
Каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов: бул сумма мурунку акта да так кѳрсѳтγлгѳн эмес эле.
Депутат М. Халматов: 693,3 миң сомду статьялар боюнча чечмелеп бергиле, эмне γчγн бул сумма 3 жылдан бери ордуна коюлган эмес.
Каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов: 2014-жылдын жыйынтыгын текшерγγнγн актысында кемчилдиктердин ичинде кѳрсѳтγлγп калган.
Депутат А. Юлдашев: эмне бул маселени 2014-жылда аткарбадыңар.
Каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов: бул маселе кече жакында ѳткѳн Эсеп палатасынын коллегиясында чыгып калды. МММБ департаменти бул маселеге ѳз убагында кѳңγл буруп караган эмес.
Шаардын 1-вице-мэри М. Тайлаков: 2014-жылдагы Эсеп палатасынын коллегиясында бул маселе каралган, бирок кѳңγл бурулбай калган, ѳткѳн коллегияда да айтылган. Бул маселени туура чечип берсеңиздер, бул сумма ордуна коюлушу керек.
Депутат А. Насиров: аудиттин отчетунда кѳрсѳтγлгѳн 3100,0 миң сомду чечмелеп берγγ боюнча шаардык каржы бѳлγмγнѳ, МММБ департаментине кайрылганбыз, бирок алар ушул кγнгѳ чейин бизге так маалымат берген жок. Бухгалтериялык отчеттордогу кемчилдиктер ѳз убагында кылынбагандыктан, мыйзам бузуу деп жазылып кеткен. Бул ошол маалда иштегендердин бухгалтериялык отчетторго кѳңγл бурбагандыган болуп олтурат. Биз 693,3 миң сомду бюджеттен тактоого макулдук берсек, бул сумма кийинки жылга эркин калдык болуп ѳтѳт. Отчетто кѳрсѳтγлгѳн кемчилдиктердин кѳбγ жоюлган. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы «Кыргыз Республикасынын салык кодексине кошумча жана ѳзгѳртγγлѳр киргизγγ жѳнγндѳ» №25 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 токтомунун аткарылышы боюнча Ѳзгѳн шаар мэриясы бизге маалымат берсин.
Депутат А. Юлдашев: менин сунушум 1-вице-мэр М. Тайлаков, каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахунов, МММБ департаменти бул отчеттогу маселелер боюнча изилденип, жол коюулган кемчилдиктердин себептерин кѳрсѳтγп, жоюлган кемчилдиктер боюнча да, сунушуңуздарды кат жγзγндѳ толук билдирγγ берсеңиздер, сиздер берген маалыматка таянып, бул маселени сессияга алып чыгабыз. Эсеп палатасы туура эмес жазган болсо, биз аларга сессиянын атынан кат берели.
Анда кγн тартибине киргизилген 3-маселе Ѳзгѳн шаар мэриясынын 2015-жылдын 9-декабрындагы мектеп ашканаларын ремонттоо γчγн каражат бѳлγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳгγ №782 катын карасак.
Бул боюнча шаардын 1-вице-мэр М. Тайлаков тγшγндγрмѳ берсин.
Ѳзгѳн шаарынын 1-вице-мэри М. Тайлаков: Ѳзгѳн шаарындагы А. Темур атындагы №5 орто мектебинин жамааты «Кыргыз Республикасынын мектептеги тамак-аш программасын оптималдаштыруу» программасы боюнча долбоорго катышып, кѳрγктѳн ѳткѳн. Бул программанын ишке тγшγγсγ γчγн мектептин ашканасы учурдун талабына жооп бериши керек экен, ошондуктан мектептин ашканасын ремонттоп, даярдоо γчγн 103,0 миң сом каражат керектелет. Бул маселени сессияда карап, каражатын чечип берγγңγздѳрдγ суранабыз.
Депутат М. Халматов: керектелγγчγ каражаттардын сметасы тγзγлгѳнбγ, жергиликтγγ элдин салымын да кошсо болот.
Жооп: керектелγγчγ каражаттардын сметасын Сиздер макулдук берсеңиздер кийин тγзѳбγз.
Депутат А. Насиров: каржылык маселелери боюнча кат бергенде, каржы булактары такталып берилсин. Бул долбоор боюнча кѳп жерлерде иш жγрγп жатат. ПРООНдун шарттары бар, ошол талаптарды аткарып кийин проектке кириш керек. Бул маселени 2016-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизип, 2016-жылдын бюджетинин эсебинен чечсек.
Депутат А. Юлдашев: бул долбоорго жергиликтγγ бюджеттен колдоо кѳрсѳтγγ керек, аткарылуучу иштердин сметасын тγзγп, бизге сунуштасаңар, бул маселени кийинки отурумдарда карайбыз. Смета тγзγлбѳсѳ керектелγγчγ каражаттын ѳлчѳмγ так болбой калат.
Депутат М. Халматов: кийинки туруктуу комиссиянын отурумдарына маселеси каралып жаткан мекемелерден ѳкγлдѳр катышсын.
Анда кγн тартибине киргизилген 4-маселе кварталдык комитеттердин тѳрагаларынын эмгек акыны кѳтѳрγγ боюнча кайрылуу катын карасак.
Ѳзгѳн шаарынын 1-вице-мэр М. Тайлаков: кварталдык комитеттин тѳрагаларынын штаттык бирдиги, оклады Ѳкмѳттγн токтому менен бекитилген эмес. Эмгек акыны кѳтѳрγγ мыйзамга туура келсе чечип берсеңиздер.
Депутат А. Хасанов: алардын кайрылуу катына ѳзγңγздѳр эле мыйзамга ылайык жооп берип койсоңуздар.
Депутат А. Юлдашев: 2016-жылдын бюджетинин долбоорун кароого дагы бир кыйла убакыт бар, эгер бул маселенин мыйзамдуулугун тактап, бизге кат менен сунуш берсеңиздер, кийинки отурумдарда карап берсек.
Анда кγн тартибине киргизилген 5-маселе Ѳзгѳн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга карата иш-планын карап койсок.
Иш-пландын долбоору менен таанышып чыктыңыздар. Кимде кандай кошумча сунуштар бар. Жок.
Анда Ѳзгѳн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин деген депутаттар добуш берип койсоңуздар. Иш-пландын долбоору бир добуштан бекитилди.
Ѳзгѳн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Ѳзгѳн шаарында ѳткѳрγлгѳн аудиттин жыйынтыгы жѳнγндѳгγ отчету эске алынсын.
2. Бул отчеттогу маселелер боюнча изилденип, жол коюулган кемчилдиктердин себептерин кѳрсѳтγγ менен кемчилдиктерди жоюу боюнча сунуштардын толук маалыматын кат жγзγндѳ туруктуу комиссияга берγγ Ѳзгѳн шаарынын 1-вице-мэри М. Тайлаковко, каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахуновко, МММБ департаментинин директору Ю. Тиллабаевке милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы «Кыргыз Республикасынын салык кодексине кошумча жана ѳзгѳртγγлѳр киргизγγ жѳнγндѳ» №25 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 токтомун аткарууга алууну Ѳзгѳн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирγγ сунушталсын.
4.Ѳзгѳн шаарындагы мектеп ашканаларын ремонттоого кетγγчγ каражаттардын сметасын тγзγп, бул маселени 2016-жылда шаарда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизγγ Ѳзгѳн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирγγ сунушталсын.
5. Ѳзгѳн шаардык аскер комиссиариатына 2016-жылдын бюджетине кошумча 2 штат киргизγγнγн, кварталдык комитеттердин тѳрагаларынын эмгек акысын кѳтѳрγγнγн мыйзамдуулугун тактап, сунуштарды кат жγзγндѳ берγγ Ѳзгѳн шаарынын 1-вице-мэри М. Тайлаковко, каржы бѳлγмγнγн башчысы М. Розахуновко милдеттендирсин.
6. Ѳзгѳн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылга карата иш-планынын долбоору бекитилсин
7. Токтомду бекитип берγγ жагы Ѳзгѳн шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасынын орунбасары:
| А. Юлдашев |