Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № III/I
“Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү” департаментинин башчысы Түмөнбаев Осмондун кайрылуусун кароо жөнүндө
16-ноябрь 2015-жыл “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү” департаментинин башчысы Түмөнбаев Осмондун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы аймактык ТС тех сервис муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, маданий массалык маалымат каражаттарына жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Чечимдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облосунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Сатиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г. Асанова |