Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-декабры № IV/ III
Айылдык кеңештин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги 3 маселе боюнча жогорудагылардын сөзүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Р. Керимкуловдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ат-Башы токой чарбасынан Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнун эсеп счетуна түшкөн 64,0 (алтымыш төрт мин)сом акча-каражат жайыт комитеттин эсеп счетуна которулуп берилсин.
3. Которуп берүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н. Барктабасовага милдеттендирилсин.
4. Ача-Кайынды айыл аймагындагы жайыт комитетине которулуп берилген 64,0(алтымыш торт мин)сомго №1,№2-фермага баруучу жолдордогу арыктарга көпүрөө салуу иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитеттин төрагасы Р.Керимкуловго тапшырылсын.
5. Арис долбоору аркылуу каржылануучу акча-каражаттын эсебинен 2015- жылга келип түшкѳн 1-траншына айыл аймагына вет клиника курууга уруксат берилсин.(вет клиниканын курулуш баасына жараша).
6. Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2016-2018–жылдарга карата жайыт башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү планы кошумча-алымчасы менен өзгөртүлүп толукталып бекитилип берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмоттүн башчысы Б. Сатиевге тапшырылсын.
Төрайым | Г. Асанова |