Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 48/16-26
Юрьевка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
2015-жылга карата Юрьевка айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н. Шамбетованын маалымдамасын угуп жана талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши төмөнкүлрдү байкады:жергиликтүү бюджеттин чыгымдары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүгө сарпталган, максаттар так тизмектелген, ар бир беренеге бөлүнгөн каражат так көрсөтүлгөн. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү толугу менен таблицада көрсөтүлгөн, жогорку көрсөткүчтөрдөн улам Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзгөн бюджети негизги каражаттар боюнча киреше булагы 4932,9 сомго жана чыгаша булагы 4932,9 сомго, атайын каражаттар боюнча 125,0 миң сомго бекитилсин.
2. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн кызматкерлери Н. Шамбетовага, Э. Мурзахматовага, И. Абдыналиевке:
-айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн ошондой эле мурунку жылдардын калган карыздардын негизинде 100% аткаруу милдеттендирилсин.
3. 2014-жылдын эркин калдыгы 733,0 миң сомго бекитилсин. Атайын каражаттардын эркин калдыгы 39,4 мин сом бекитилсин.
4. Калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүгө кассада накталай акча көлөмү 30,0 сомго бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эминов |