Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын19-марты № 50/16-26
Айыл чарба жерлеринде малды кайтарууга тыюу салуу жөнүндө
Юрьевка айыл аймагында мал ээлери айыл чарба жерлеринде мал жайып жаткандыгы тууралуу дыйканчылардын көптөгөн кайрылууларын талкуулап жана коомдук коопсуздукту сактоо максатта Юрьевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Календардык жылдын 1-мартынан 1-ноябрга чейин, Юрьевка айыл аймагында айыл чарба жерлеринде мал жаюуга тыюу салынсын.
Жайылып кармалган мал ээлерине төмөндөгүдөй айып пул салынсын:
-ар бир мал башына 1000 (бир миң) сом.
2. Юрьевка айылынын көчөлөрүндө саат 19-00 дон баштап саат 6-00 чейин мал айдоого тыюу салынсын, айтылган убакта, малды унаа коюп кетсе, айдоочу жоопкерчиликке тартылбайт.
3. Юрьевка айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ч. Кульжигитовага:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик-укутук актыларынын тизмесине каттасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, тартип жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Эминов |