Редакцияот 19.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-марты № 51/16-26

Жайыт комитетинин 2015-жылга карата жайыт колдонуучулардын мал башына төлөм акыларын жана бюджетин бекитүү жөнүндө

Юрьевка айыл кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын мал башына төлөмдөрүнүн, жайыт комитетинин төрагасынын жана бухгалтеринин эмгек акысын бекитүүсүн талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин 2015-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше булагы 211,216 сомго жана чыгаша булагы 211,216 сомго бекитилсин.

Жайыт комитети сунуштаган мал башына төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:

-Ири мүйүздүү бодо мал башына -80 сом

-Жылкы башына-80 сом

-Тай, торпок башына-56 сом

-Кой, эчки башына -16 сом

-сырттан келген мүйүздү ири малдын башына-150 сом

-тай торпок башына–100 сом

-Кой эчки башына–25 сом

-Жайыт комитетинин төрагасынын айлык акысы-3500 сом

-Жайыт комитетинин бухгалтеринин акысы-3000 сом

-Эмгек акылары 1-марттан 30-ноябрга чейин 9 айга эсептелсин

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Эминов