Загрузка документа…
ЛЕНИНСКИЙ АЙЫЛНЫЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 30-апрели №4
Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2012 - жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2013 -2014 жылдарга божомолу жөнүндө
Шадыкан айылдык округдук кенеши, айыл өкмөтүнүн 2012 – жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2012 - жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 11150,7 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
· Трансферттер 9777,9 миң сом
· Категориалдык грант – 8283,9 миң сом
· Теңдөөчу грант - 1494,0 миң сом,
Жалпы кирешелер
Салык төлөмдөрү
· Иш берүү-р тараб. Айлык акы-н кармалуучу киреше салыгы -110,0
· Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 145,0 миң сом,
· Короо-жай жер салыгы – 105,0 миң сом,
· Айыл чарба жер салыгы – 625,3 миң сом,
· Чакан ишкерлерден, субъектерден алынуучу киреше салыгы -10,0
· Айыл чарба багытында эмес жерлердин салыгы – 5,0 миң сом,
· Патенттик негизде кирешеден алынуучу салык – 60,0 миң сом,
· Кыймылсыз мулктон алынуучу салык - 4,5 миң сом,
· Сатуудан алынуучу салык -15,0 миң сом,
Салык эмес киреше булактары - 293,0
· КБФ жерлеринин ижара акысы - 275,0
· Юст. Орг. тарабынан кармалуучу мамл.пошлина – 15,0
· Админ. Штраф жана штрафтык санкция -3,0
1. Башкаруу аппаратына – 1359,3 миң сом,
2. Билим берүү бөлүмүнө – 8842,3 миң сом,
3. Социалдык коргоо бөлүмүнө – 105,0 миң сом,
4. ЖКХ бөлүмүнө – 674,8 миң сом,
5. Маданият бөлүмүнө – 169,3 мин сом.
2. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республикалык бюджеттин эсебинен каралган теңдөөчү гранттын коргоодогу статьяларды ( эмгек акы ,соц фонд, коммуналдык чыгымдарды ) жабууга жумшалары белгиленсин.
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсө ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү киргизүү жагы айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын.
Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жана разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айылдык округдук Кеңештин токтомунун негизинде жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. 2012- жылдын 1 - январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин
5. Бакай-Ата районунун Мамлекеттик администрациясынын 2011 - жылдын 14- декабрындагы Б- 30/11 буйругуна ылайык ,2012 -жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 60,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 21 статьясына ылайыктуу айыл өкмөтүнүн ар кандай күтүүсүз социалдык экономикалык маданий чыгымдарына 30,0 миң сом суммасында резервдик фонд түзүлсүн.
6. 2012 – жылдын бюджетинин киреше,чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукка аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнө ( башчысы Г.Жээнбаевага) тапшырылсын.
7. 2012- жылдын бюджети боюнча айыл өкмөтүнө түшүүчү жергиликтүү киреше булактарынын жетишсиздигине байланыштуу билим берүү бөлүмүнүн электро энергиясына, мектептердин ремонту үчүн жана 1-4 класстардын окуучуларынын тамак – ашына каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
8. 2013 - жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 12269,2 миң сом анын ичинен категориалдык грант 9043,2 миң сом теңдөөчү грант 1986,7 миң сом, 2014- жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 12289,4 миң сом анын ичинен категориалдык грант 9043,2 миң сом теңдөөчү грант 1997,1 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешке жана бюджеттик комиссияга тапшырылсын.
Шадыкан айылдык кеңешинин төрагасы |
Б.Б. Бейшекеев |