Загрузка документа…
БАШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-ноябры № 17/9
Кеңеш айылынын кѳчѳсγнѳ маркум Зулпукаров Раимжан Зулпукаровичтин ысымын ыйгаруу боюнча
Кеңеш айылынын тургуну Зулпукаров Раимжан Зулпукаровичтин Кеңеш айылынын тургундарына жана айылдык кеңештин сессиясына кайрылуу арызынын негизинде жана Кеңеш айылынын тургундарынын 2015-жылдын 30-октябрындагы жалпы чогулушунун № 3 протоколунун негизинде атуул Зулпукаров Раимжан Зулпукаровичтин аты Кеңеш айылынын бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу боюнча талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги XVII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун № 3 протоколу жана Кеңеш айыл тургундарынын арызы канаттандырылсын.
2. Кеңеш айылынын көчөсүнө атуул Зулпукаров Раимжан Зулпукаровичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Ж. Идирисов |