Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 2
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөрдү укуктарын коргоо жана мектептерде окуу тарбия билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу
Жаңы-Ноокат айыл аймагында 7 орто мектеп,1 толук эмес орто мектеп, 1 башталгыч мектеп,1 сантаториялык мектеп, 1 кесиптик окуу жайы болуп,бул билим беруу мекемелеринде Мектептерде 5068 окуучу, кесиптик лицей 404окуучу, санаториялык мектепте 224 окуучу билим алат. Айыл аймагында 7 балдар бакчасы бар бөлүп аларда 611 бала тарбия алат. Мектепке чейинки жаштардын 20% балдар бакчасына тартылган. 80% бала үй бүлөө тарбиясында. Айыл аймагында жашоочу 18- жашка чейинки балдардын саны 8266 киши.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү 18 жашка чейинки балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарылуучулук иштерди жүргүзүп, балдар тарабынан мыйзам бууларды алдын алуу максатында мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары коомчулук менен жер жерлерде үзгүлтүүсүз менен иш алып барууда.
Айыл аймагындагы № 58 кесиптик окуу жайында 407 кесиптик билим алууда. Кесиптик билим алуу үчүн компютердык техникалар компютер,электрондук доска жана башка эмеректер бар
Мектептерде окуу тарбия иштери жакшы жолго коюулгандыгы менен жогорку класс окучуларын сабактарга катышуусу жакшы эмес. Бул Амир Темур, М Эргешов, Сахаба, Н Найманбаев мектептеринде көзгө көрүнарлык денгээлде. Окуучулар менен маектешуу өткөрүлгөндө эркек жынысындагы балдардын негизги бөлүгү келечекте жогорку окуу жайларына окууга барууну ордуна Россия, Казакстан мамлекеттерине иштегени барууну каалап жатат. 2014-2015-окуу жылын бүтүргөндар жогорку окуу жайларына окууга барышы үчүн буткүл республикалык тестрилөөсүнө катышкан окуулар арасында 110 балдан жогорку бал алган окуучулар бардык окуучулардын санына караганда жок экендиги аныкталган.
Мамлекет тарабынан түзүлгөн шарттарга караганда окуучулардын билим сапаты төмөн. Окуучулар орус,англис тилдерин жакшы өздөштүргөн эмес. Окуучулардын кругозору жакшы эместигинен маектешүү убагында, бар билген билимдерин ачык-айкын билдире алышпайт. Окуучулар менен сабактан кейинки иштерди жүргүзүлүшүнө көнүл буруу зарыл. Мектептерде билим берүүнү сапатын жогорулату үчүн мектеп жетекчилерин ротациялоо иштерин жүргүзүү зарыл.
Мектеп окуучулары жана айыл жаштары арасында диний чөйрөдөгү иштер өз убагында жүргүзүлүп жаткан болсодо,бул иштерди үзгүлтүүсүз алып баруу зарыл.
Угулуп жанан талкуланган маселе боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектентышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөрдү укуктарын коргоо жана мектептерде окуу тарбия билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде кемчилдиктерге жол коюулуп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу 18 жашка чейин чейинки өспүрүмдөр арасында диний экстримистик, радикалдык агымдардын мыйзамсыз арекеттерине берилип кетүүсүн алды алуу чаралары айылдык кеңештин депутаттары,айыл өкмөтү, билим берүү мекемелерин директорлору, мечиттердин имамдарына тапшырылсын
3. Айыл аймагындагы Амир Темур, М Эргешов, Сахаба, Н Найманбаев атындагы мектептерде жүргүзүлүп жаткан иштердин денгээли жакшы эместиги, окуучулар сабактарды көп калтырып жаткандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн коллегиясында каралышы сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |