Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир келишпочүлүктү алдын алуу чаралары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир келишпочүлүктүн натыйжасында ар түрдүү мыйзам бузуулар болупжаткандыгы бардыгыбызге белгилуу. Жакында Шалдырама, Даштубала мааласындагы жаштар ортосунда болгон талаш-тартыш,өз-ара келишпочүлүктар жаштар арасында тарбиялык иштерди күчөтүү керектигин билдирди. .
Жаштардын келишпочүлүк, өз ара тартыштарынын натыйжасында көптөгөн мыйзам бузуулары Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жаштарга көңүл бурбай койгондугун. Жаштар менен ар түдүү иш чараларды өткөрүү, алардын бир-бирине болгон жакындыктары жакшыланып өз ара пикир келишпочүлүктар болбосуна алып келет. Жаштар ортосунда спорттук жана маданий ич-чараларды тез-тез өткөрүү керек. Айыл аймагынын Шалдырама,Даштубала маалаларында, мечиттерде бул туура эмес арекет боюнча айылдык кеңештин депутаттары, айыл башчылары, коомчулук түшүндүрүү иштерин жүргүзү менен өз ара келишпочүлүктөрдү токтотууга жетишилет.
Угулуп жана талкууланган маселе боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана айыл жаштары ортосундагы ар түрдүү пикир келишпочүлүктардын алдын алуу максатында Шалдырама жана Даштубала айылдарында түшүндүрүү иштерин жүргүзү Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттарына, айыл башчыларына , көчө комитеттеринин төрагаларына ,мечиттердин имамдарына тапшырылсын.
2. Шалдырама жана Даштубала маалаларындагы жаштардын өз ара пикир келишпочүлүктарын терс таасири мектеп окуучуларына таасир көрсөтпөстүгү үчүн айылдардагы мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мектептердин директорлорына тапшырылсын.
3. Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, жаштар арасында тарбиялык иштерди жүргүзүүдө айылдык милиция бөлмөчөсүнүн участкалык милиция кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүү чаралары көрүлсүн.
4. Жаңы-Ноокат айылдык КААБ тарабынан жаштардын укук бузуу иштерин болтурбоо боюнча комплекстүү иш чараларды иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу жагы камсыз кылынсын.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |