Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербоо чаралары жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары катышуусунда өткөрүлгөн жалпы чогулуштарда жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясында талкууланып, тиешелγγ токтомдор кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдор боюнча маалыматтар айыл тургундарына жеткирилген.
Айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той-марекелерге баруучу адамдар дасторкон жасап барбастан жөн эле барышы, мүмкүнчүлүгүнө карап той өткөрүп жаткан адамга акчалай формада той белегин берүү жолу менен өткөрүлүп жаткан той-марекелердеги артыкча чыгымдарды карап чыгып жана талкулвп Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндө Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери, мечиттердин имамдары,көчө комитетинин төрагалары катышуусунда өткөрүлгөн жалпы чогулуштарда жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясын токтомдорунун негизинде той-маарекелерди өткөрүүдө төмөнкү иштер иш жүзүнө ашырылсын.
-Көчө комитеттеринин төрагалары тарабынан нике каттоосунан өтүүчү айыл тургундарынын арыздарына кол коюлгандан кийин нике актыларын түзүү жана нике күбөлүктөрүн берүү жагын камсыз кылу жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т Ниязалиевага тапшырылсын.
-Өткөрүлүпжаткан той-марекелерге ар түрдүү дасторкон менен баруу токтотулуп, той-мареке өткөрүчү айыл тургунуна мүмкүнчүлүккө жараша накталай акча белегин берүү иш жүзүнө ашырылсын.
-Нике тойлорунун өткөрүү убактысы кыш мезгилинде түнкү саат 18.00 до, жайкы мезгилинде түнкү саат 21.00 го чейин белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин депутаттарына жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Ушул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |