Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 6
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү 16 (он алты) сотик жер аянтын пайдалануу багытын жана айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндө жашоочулар атынан 2015-жылдын 14-декабрында аталган аймактагы 16 сотик жер аянты тууралуу арыз боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы төмөнкүлөрдү белгилейт
Бул жер мазардын жанында таштак жерде жайгашкан болуп, мурдагы колхоз мезгилинде 1991-жылы үгүт нассаат үйүн куруу үчүн калтырылган. Ноокат райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынын системный группасы тарабынан кайра каттоогө алынган.
Арызда көрсөтүлгөн жай, калктуу конуштун ичинде жайгашкан бөлүп,мурда бул жерде мазар болгон. Мазардын айлана чөйрөсү таштак жер болуп, айыл чарба багыты боюнча пайдаланылган эмес. Эл бул 16 сотик жердеги таштардан тазалап, тегиздеп ,пайдаланууга жарктуу абалга келтирип,жерди пайдалануу багыты үгүт наасат үйүн ордуна мечит жана башка социалдык объектилер үчүн пайдаланууну сурап арыз менен кайрылган
Угүт насаат үйү, мечит булардын бардыгы бир максат жолунда иш алып баруучу жамааттык жай. Аталган жерды көлөмү мечит курууга жана социалдык объектилер курууга жетиштүү экендигин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешине Дөн-Кыштак айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү 16 (он алты) сотик жер аянтын үгүт насаат үйү багытынан мечит,социалдык объектилер багыты боюнча пайдаланууга жана айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөн-Кыштак айылынын Шакар Кыштак бөлүмүндөгү 16 (он алты) сотик жер аянты үгүт насаат -үйү багытынан, мечит,социалдык объектилер багыты боюнча пайдаланууга жана айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиние өткөрүү үчүн керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |