Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-декабры № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Нажимов Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун 300 чарчы метр бөлүгүн айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүгө макулдук берүү жөнүндө
Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 24 сентябрындагы №82 токтомдун негизинде 5-05-06-1001-4340 каттоо менен каттого алынган Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Нажимов Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун 300 чарчы метр бөлугүнө курулган Нажим Ата мечитин жер участоктун эсебинен чыгарып айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп берүү боюнча айыл тургуну Нажимов Юлдашмамат Холмирзаевичтин арызында көрсөтүлгөн 300 чарчы метр жер аянты жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгу арызды карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн тургуну Нажимов Юлдашмамат Холмирзаевичтен жеке менчик жер участогун аймагындагы 1460.0 чарчы метр участоктун 300 чарчы метр бөлугү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Имамов |