Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын февралы 24-февралы № XXXI-8
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражаттары төмөндөгү:
-Ноокат шаарынын аймагындагы Х. Самиев атындагы орто мектебинин ашканасына ар түрдүү эмеректерди жана инвентарларды сатып алуу үчүн -95,0 миң сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак балдар бакчасына муздаткыч сатып алуу үчүн 26,0 миң сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы “Балапан” балдар бакчасына муздаткыч сатып алуу үчүн 26,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |