Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-9
Салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын имаратын капиталдык ремонттоо үчүн 370,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |