Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-февралы № XXXI-10
Ноокат райондук мамлекеттик архивинде Ноокат шаарынын тургундарынын жалпы архивтик документтерин сактап коюуга стелаж үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик архивинде Ноокат шаарынын тургундарынын жалпы архивтик документтерин сактап коюуга стелаж үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик архивинде Ноокат шаарынын тургундарынын жалпы архивтик документтерин сактап коюуга стелаж үчүн 35,0 миң сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2016-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |